www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арменияда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, премьер-министр Никол Пашинян жетектеген «Жарандык келишим» партиясы добуштардын 70,4 пайызын алып, ишенимдүү түрдө алдыга чыкты.
Экинчи орунда «Күчтүү Армения» саясий күчү 17,1 пайыз добуш менен жайгашса, «Армения» блогу 6,8 пайыз көрсөткүчкө ээ болду.
Алдын ала жыйынтыктар өлкөдөгү саясий күчтөрдүн арасындагы чоң айырманы көрсөтүп, Пашиняндын партиясынын парламенттеги үстөмдүгүн сактап калышы мүмкүн экенин айгинеледи. Борбордук шайлоо комиссиясы жакынкы күндөрү расмий жыйынтыктарды жарыялайт.