www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин Кремлде ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Ал Россия экономикасынын тез өсүп жатканына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоого жергиликтүү бизнестин кошкон салымына токтолду. Ошондой эле президент Россиянын кызыкчылыгына каршы аракет кылгандарды "тумчуктурууга" чакырды.
РИА Новости материалында президенттин негизги билдирүүлөрү келтирилген.
Чет элдик компаниялардын кайтып келиши тууралуу
Путин Россиядан толук кете элек жана өлкөгө "кысым көрсөтүүгө аракет кылып жаткан" IT-сервистерге карата тиешелүү жооп чараларын көрүүгө чакырды:
"Аларды тумчугуш керек. Бул сөздү эч кандай уялуусуз айтам. Анткени алар бизди тумчугууга аракет кылып жатышат, демек, биз да жооп кайтаруубуз керек. Биз эч кимди кууп чыккан жокпуз, эч кимге тоскоолдук кылган жокпуз. Биз биздин рынокто иштеш үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенбиз."
Президент чет элдик компаниялардын Россияга кайтып келиши өлкөгө пайдалуу болушу керек экенин белгиледи:
"Кээ бир ири компаниялар, башка тармактарда иштегендер, мага келип жатышат: биздин өнөктөштөр кайтып келүүгө кызыкдар болуп жатышат. Мен айтам: макул, кайтыңыздар. Болгону, кандай шарттар менен келээриңиздерди ойлонуп көрүңүздөр. Эгер бул сиздерге пайдалуу болсо — келгиле. Эгер пайдалуу болбосо, андай болсун деп аракет кылалы.Ошол эле учурда, Путин мурда өлкөдөн чыгып кетип, жумушчу жамааттарды оор абалда калтырган компанияларга "жол салынбайт" деди:
"Сиздердин анча ишенимдүү эмес өнөктөштөрүңүздөр кетип жатканда, эмгек жамааттарын оор кырдаалга калтырышты — туурабы? Алар баарын кыйын абалга калтырып, кетип калышты. Эми, эгер кайра келүүнү кааласа, биз алар үчүн кызыл килем төшөп беришибиз керекпи? Албетте, жок."