www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин 22-июндан кийин орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында эл аралык маалымат каражаттары менен болгон жолугушууда сөз кылган.

Путиндин айтымында, Россия сүйлөшүүлөргө даяр, анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышуусундагы сүйлөшүүгө дагы. Бирок Путин Украина бийлигинин мыйзамдуулугу негизги маселе болуп жатканын белгиледи. Ал Украинадагы аскердик абал шартында өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө узартылбай турганын баса белгиледи.

«Эгерде мамлекет башчы мыйзамдуу болбосо, анда бүткүл бийлик система да мыйзамсыз болот», - деген Путин кандайдыр бир жетишилген келишимдерге Украина тараптан мыйзамдуу өкүл кол коюшу керектигин кошумчалаган. Антпесе Путиндин айтымында кийинкиси келип, аларды таштандыга ыргытып жибериши мүмкүн.

Путин Москва Украинага каза болгон 6 миңден ашык аскер кызматкердин сөөгүн өткөрүп бергенин жана дагы 3 миңден ашык сөөктү өткөрүп берүүгө даяр экендигин маалымдады. Анын айтымында, жооп катары россиялык 57 жоокердин сөөгү алынган.

Президенттин айтымында, эки өлкөнүн сүйлөшүү топтору байланышта, алар акыркы жолу кечээ сүйлөшүшкөн.

Последние новости