www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө бериле турган продукциянын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу зарыл экенин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, Орусиянын Куралдуу күчтөрүн керектүү нерселердин бардыгы менен өз убагында камсыз кылуу зарыл: экипировка, шаймандар, дары-дармек, аскер кызматкерлерине берилчү акча каражаттары, аскердик багыттагы курулуш иштери жана башкалардын бардыгы маанилүү.

"Албетте, бул атайын аскердик техникага да тиешелүү. Бирок аталган багыттардын ар биринде максаттуу тапшырмалар болуп, аларды өндүрүштүк программасы жана жеткирүүнүн убактылары ойлонуштурулушу керек. Продукциянын көлөмү жана саны эмес, продукциянын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу да маанилүү", — деген ал.

Путин андыктан өндүрүүчүлөр менен конструкторлук борборлордун бул жабдууларды колдонгондор менен түз байланышы көңүл борборунда болуш керектигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости