www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Президенти В.В.Путиндин 2025-жылдын 2-октябрында өткөн Эл аралык «Валдай» талкуу клубунун XXII жылдык жыйынынын пленардык сессиясындагы суроолорго берген жоопторунан
Негизги тезистер:
Азыркы институттар деградацияга учурады, айрыкча айрым өлкөлөр же жамааттык Батыштагы согуш аяктагандан кийин өздөрүн жеңүүчү деп жарыялап, абалды пайдаланып калууга аракет кылган мезгилде. Алар башкаларга баарын таңуулай башташты бул биринчи. Экинчи – калган мамлекеттер алгач унчукпай, андан соң акырындап, андан да активдүү түрдө буга каршы чыга баштады.
ОБСЕ эмне үчүн түзүлгөн? Европадагы татаал кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн. Ал эми эмне болду? ОБСЕнин ишмердиги постсоветтик мейкиндикте адам укуктары тууралуу талкуулоочу аянтчага айланып калды.
Биз да акырындап түшүнө баштадык: маселелерди биздин батыштагы кесиптештерибиз каалагандай эмес, чыныгы консенсуска, чыныгы позицияларды макулдашууга негизделген институттарды түзүү зарыл экенин. Ошентип, #ШКУ – Шанхай кызматташтык уюму, #БРИКС пайда болду.
Биз согушуп жатабыз, аскердик техника чыгарабыз. Бизге каршы болсо көптөгөн өлкөлөр, бүтүндөй НАТО мамлекеттери согушуп жатат. Муну алар жашырбай эле айтып жатышат. Тилекке каршы, батыш өлкөлөрүнөн инструкторлор да бар жана алар чыныгы аскердик аракеттерге катышууда. Европада атайын борбор түзүлүп, ал ВСУнун бардык аракеттерин коштоп турат: маалымат берип, космостон чалгын маалыматтарын жиберет, курал-жарак жеткирет, үйрөтөт. Жана, кайталап айтам, инструкторлор даярдоодо гана эмес, чечимдерди иштеп чыгууда да, керек болсо алардын аткарылышында да катышып жатышат.
Бирок эгер биз бүтүндөй НАТО блогу менен согушуп, ошентсе да алдыга жылып, өзүн ишенимдүү сезип жатсак, анда өзү НАТО эмне болот? Ал өзү эмнени билдирет?
Сентябрь айында ВСУнун жоготуулары – болжол менен 44 700 адам. Анын дээрлик жарымы – кайтарылгыс жоготуулар. Ошол эле мезгилде мажбурлап мобилизациялоо аркылуу болгону 18 миңден ашуун адам чогултулган. Ооруканада дарыланып чыккандардан болжол менен 14,5 миңди кайтарышты. Эгер мобилизацияланганды, ооруканада айыккандарды жана жоготууларды кошо эсептесек, айына минус 11 миң киши чыгып жатат. Демек, фронттогу сап толукталбай эле тим болбостон, тескерисинче азайып жатат. Молотов-Риббентроп пакты – коркунучтуу, Советтик Союз Гитлер менен келишим түздү деп, бирок силерчи? Анын алдында эле Гитлер менен келишип, Чехословакияны бөлүп алдыңар го. Бул болбогондой түр көрсөтүшөт. Пропаганда үчүн – ооба, элдин башына салса болот, бирок чындыгында кандай болгонун биз билебиз. Бул Марлезон балетинин биринчи бөлүгү.
Андан кийин Сталиндин режимин Гитлердики менен бир катарга коюуга аракет кылышты, Нюрнберг процессинин жыйынтыктарын да унутканга аракет кылышты. Бул таң калыштуу, анткени ал – биргелешкен күрөштүн жыйынтыгы болгон. Нюрнберг процесси мындан ары мындай окуялар кайталанбасын деп өткөрүлгөн. Бирок муну да бурмалап жатышат. Советтик жоокерлердин, нацизмге каршы күрөшкөндөрдүн эстеликтерин да бузуп салышты.
Газадагы кырдаал – бул адамзат тарыхындагы эң кайгылуу жана коркунучтуу окуялардын бири. Ал тургай Батышка жакын багытталган БУУнун Баш катчысы Гутерриш ачык эле айтты: Газа дүйнөдөгү эң чоң балдар көрүстөнүнө айланды. Мындан өткөн трагедия эмнеде болушу мүмкүн?
Биз үчүн маанилүү эмес: ал адам чыгыштанбы, батыштанбы, түштүктөнбү, түндүктөнбү – эгер ал биздин баалуулуктарыбызды бөлүшсө, анда ал – биздин адам.
PS: NazarNewsка чыккан Россия тууралуу макалалар сайттын жеке кызыкчылыгы, кандайдыр бир уюм менен келишими жок.