www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ президенти Владимир Путин “Валдай” эл аралык талкуу клубунун жыйынында сүйлөп жатып Европанын куралдануусу күчөгөн учурда Москва да жооп чараларын көрүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал процесстин тездик менен жүрүп жатканын белгиледи.
“Мисалы, Германия кайрадан Европадагы эң күчтүү армия болушубуз керек деп жатат. Макул, биз муну кунт коюп угуп, эмнени кыйытканын көрүп турабыз. Орусиянын жооп чаралары көп күттүрбөйт деп ойлойм, буга эч кимдин күмөнү жок. Жооп өтө ишенимдүү болот. Бул дал жооп чара. Биз өзүбүз эч качан аскердик каршылашууну баштаган эмеспиз”, - деди Путин.
Орус лидери Украинадагы конфликттин уланышы үчүн Европа өлкөлөрүн күнөөлөдү.
“Тилекке каршы, азырынча согуш аракеттерин токтото албай жатабыз. Бирок мунун жоопкерчилиги көпчүлүктө эмес, азчылыктын мойнунда, биринчи кезекте - жаңжалды тынымсыз күчөтүп жаткан Европада”, – деди Путин.
PS: Россия тууралуу NazarNewsка чыккан макала сайттын жеке кызыкчылыгы, маалыматтарга кандайдыр бир адамдардын же бир уюмдар менен келишими жок.