www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Буревестник» аралык аралыкка учуучу канаттуу ракетасынын жана «Посейдон» пилотсуз суу астындагы аппаратынын технологиялары келечектеги Ай станциясын түзүүдө колдонулат. Бул тууралуу 4-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

«Алардын колдонулушу бизге коргонуу-өнөр жай комплексинде гана эмес, жарандык тармактардын көпчүлүгүндө да олуттуу секирик жасоого мүмкүндүк берет. Бул улуттук артыкчылыктуу долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда чоң мааниге ээ болот», — деп белгиледи Путин «Буревестник» канаттуу ракетаcынын жана «Посейдон» суу астындагы аппаратынын жаратуучуларын сыйлоо аземинде.

Президенттин айтымында, ракета менен атомдук суу астындагы кемеде колдонулган өзөктүк энергиялык системалар жакын жана алыскы космосту өздөштүрүүдө колдонулуучу энергетикалык жабдууларды түзүүдө жардам берет.

Мындан тышкары, бул технологиялар Арктика сыяктуу жетүүгө кыйын аймактардагы пайдалуу кен байлыктарды казып чыгарууда, дүйнөлүк океанды изилдөөдө жана алыскы аймактар менен калктуу пункттарды электр энергиясы менен камсыз кылууда да пайдаланылышы мүмкүн.

 

Путин ошондой эле «Буревестник» жана «Посейдон» долбоорлору өлкөнүн стратегиялык тең салмактуулугун ондогон жылдарга камсыздай турганын айтты.

 

Эскерте кетсек, 26-октябрда Владимир Путин «Буревестник» ракетасынын сыноолору аяктаганын билдирген. Бул ракета өзөктүк энергия менен иштейт жана каалаган аралыкты басып өтүп, бардык абадан жана ракетадан коргонуу системаларын айланып өтө алат.

29-октябрда болсо Россия «Посейдон» суу астындагы аппаратынын өзөктүк энергия менен иштеген версиясын ийгиликтүү сынап көргөнүн билдирген. Путиндин айтымында, бул аппарат кыймыл ылдамдыгы жана тереңдиги жагынан дүйнөдө эч бир окшошу жок.

Последние новости