www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мамлекеттик орган тарабынан негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү ишкерге кайтарып берүүнү камсыз кылды.
Башкы көзөмөл органы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, ишкердин акча каражаттарын кайтарып алууга мыйзамдуу негиздери болгонуна карабастан, анын бир нече жолку кайрылуулары мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан узак убакыт бою каралбай келгендиги аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде ишкердин бузулган укуктары толук калыбына келтирилип, кепилдик төлөмдүн 692 миң 800 сом суммасы толугу менен кайтарылды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Башкы прокуратура белгилегендей, көрүлгөн чаралар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана ишкерлердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.