www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-ноябрь — Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында расмий иш-чара өткөрүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, прокуратура органдарынын өлкөдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, укуктук талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөдө аткарып жаткан маанилүү ролун белгиледи. Башкы прокурор өз кайрылуусунда кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана коом алдындагы жогорку милдетин баса белгилеп, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлери көп жылдык тынымсыз эмгеги, үлгүлүү кызмат өтөөсү жана жогорку натыйжалуулугу үчүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Последние новости