www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын №95 мектебинде мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын бузуу болуп эсептелет.
Тактап айтканда, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча каражаттарын алышып, одоно мыйзам мыйзам бузууларга жол беришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 4 педагог административдик жоопкерчиликке тартылышса, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, ал эми мектептин директору кызматынан бошотулду.
Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу боюнча иштер улантылууда.