www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин трибунасынан журналисттерге нааразы болуп 10 мүнөт сөз сүйлөп, арыз-арманын, ич күптүүсүн, ызасын айтып ыйлактады.

Көкүлов дегендин аксак логикасы боюнча, ал эмнени айтса дагы баары туура болуп, таптакыр сын айтпай, журналисттер, коомчулук ураалап колдоп, алаканга салып бөпөлөп туруш керек экен. 

Тилекке каршы, деңгээл, дээр жок болсо, “эшекке алтындан жабуу жапсаң, күлгө оонайт” болот тура. Дегенибиз, элдин көйгөйү, мамлекеттик маанилүү маселелери, олуттуу эл аралык долбоорлор айтыла турган бийик трибунадан, жеке мүдөөсүн, ички өксүгүн дастанга айлантып, обон созгон эл өкүлүнүн кылар иши эмес. 

Негизи Эрулан мырза депутаттын ыйгарым укуктарын, функциясын, милдеттерин, жоопкерчилигин түк түшүнбөйт көрүнөт. Түшүнсө, билсе элдин көйгөйүн, мамлекеттик маанилүү маселени айтмак. Ал болсо ыйлактап өз көмөчүнө күл тартып, чымындан пил жасап “өңгүрөп” жатат. Кудум, “бакага алтындан таажы кийгизсең да балчыкка секирет” дегенди эске салат. 

Мунун мындай жоруктарына коомчулук түгүл, кесиптештери дагы тоюп, жадап бүтүштү окшойт. Ошол себептен, “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев: “Жеке маселелери менен өзүнүн Facebook баракчасында түз эфирге чыксын. Эгер ал иштеп жаткан мыйзам долбоору тууралуу айтса, башка кеп. Бул жерде журналист же жол кызматкери менен урушканы тууралуу айтпаш керек. Урушса, бул анын жеке иши. Ал Ысык-Көл округунан шайланган, Жети-Өгүз, Тоң, Караколдогу мектеп, суу, жол маселелерин көтөрсүн. Же ушинтип эле угуп отура беребизби? Анын чыр-чатагы бизге кереги жок. Айткым келген эмес, бирок ал жеке маселелерин биринчи жолу көтөрүп жаткан жок”, - деп күйгөнүнөн сынга алды.

Ал эми дагы бир эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева: “Жеке маселелер менен таарынычтарды айтууга подкасттар, ЖМКлар бар. Бул трибуна элдин көйгөйлөрүн көтөрүү үчүн. Акыркы окуялар боюнча мени да сынга алышты. Блогерлерди да сындап жатышат, бийликти мактагандарды. Улуттук телерадиокомпания жалган маалымат жарыялап жатат, бирок мен бул жерге чыгып, мени капа кылышты деп айта албайм. Анткени бул трибуна башка маселелер үчүн”, - деп Көкүловдун кылыгы жолдо калчу  жорук экенин белгиледи.

Кыргызда, “кимдин-ким экенин билгиң келсе, колуна байлык менен мансап бер” деген таамай айтылган накыл бар. Анысы сыңары Эрулан эл ишенип берген ооматты көтөрө албай, мандатты жеке кызыкчылы үчүн пайдаланып жатканы жийиркентет. Элибиз мындайларды “ырыс кесер” дешкен. 

Дегенибиз, качан болсо ар ким менен тытышып, урушканын маанилүү мамлекеттик маселеге айлантып, “менин аброюм, менин кадырым, менин укугум” дегенди айтып, жеке керт башынын көйгөйүн парламент трибунасынан көтөрүп, ызылдап жүргөн болот. 

Бир кезде элдин саламаттыгы үчүн деген чапанга жамынып алып, ашканаларды аралап, коомчулукка лакап болуп айтылып жүргөндөй улкунуп-жулкунуп “таракан” кубалап, менчик укук деген түшүнүктөрдү тепселеп, чаң салып жүрдү. Мына өткөндө болсо “менин үйүмө келесиңер, укугум бузулду” деп МАИ кызматкерлерине өзүнүн “кол тийгис ыйыктыгын” айтып дөөгүрсүп отурат. Мурда башкалардын укугу дегенди уруп ойночу эмес. Кандай эле өзүнө келгенде эле “укугун ойлоп, мыйзамды ойлоп” чыга келет?
Арийне, чындап элдин саламаттыгын ойлосо, эки чакырылыштан бери депутат болуп отурат, санитардык-эпидемологиялык укуктук мыйзамдарды карап, кемчиликтерин түзөтүү боюнча бир мыйзам жазса болот эле го. Жок, андай колунан келген жок. Ар ким менен айтыштырып койсо алдына ат салдырбайт. Анан кантип ушул элдин үнүн, көйгөйүн көтөрүп, акыйкатты айта алат. 

Чынын айтканда, өзүмчүл болуп өзүнүн эле укугун, аброюн айтып “акактай” бербей, андай эле калыс, акыйкатчыл болсо, укугу бузулуп, мыйзам тебелеген көрүнүшкө кириптер болгон канчалар жүрөт, ошолордун укугун коргоп үн катып койсо болот эле го. Анын бири жок. Өзүнө келгенде эле “өзүмчүлдүн өгүздөй күчү болот” болуп, ач-айкырык, куу сүрөн салып чыга калат. Негизи шайлоочулар мындай мурдунун учунан алысты көрбөгөн, майда ойлонгондордун мандатын кайра чакыртып алышса туура болмок. 

Себеп дегенде, мына өткөндө Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке келгенде Көкүлов адатынча ыйлактап “депутаттын ар-намысын, аброюн кайтарып бериңиз” деп арызданганда, презединт депутаттын ар-намысын, беделин көтөрүү президенттен же башка бирөөдөн эмес, депутаттын өзүнөн экенин, жеке кызыкчылык менен майда-чүйдө маселе көтөрсө эл сынга аларын айтып, жакшы эле жалпак тил менен түшүндүргөн.

Тилекке каршы, президенттин ачуу, бирок сылык-сыпаа айтканы мээсине жетпептир. Кайра ал кемчилигин журналисттерден көрүп, бурмалап, жамандап деп албуутанып отурат. Шамалга карап ушатса, ал өзүнө чачырай турганын Көкүлов түшүнө албай жатканы өкүндүрөт. Сыягы, түшүнбөйт көрүнөт. Ушуга кор болгон кайран мандат?

Последние новости