www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Коллегиясынын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айы үчүн финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, аткарылган иштер боюнча отчеттору жана алдыдагы пландар талкууланды.
Коллегиянын жүрүшүндө белгиленгендей, Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары боюнча 2025-жылдын 9 айына карата киреше планы 9 млрд 304,5 млн сомду түзүп, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сом болуп, 111,3% деңгээлде аткарылган. Пландык көрсөткүч 1 млрд 052,7 млн сомго ашыкча аткарылган.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 4 млрд 539,9 млн сомго же 78,0%га көбөйгөн.
Мындан тышкары, акыркы үч жылдын ичинде кирешелердин көлөмү 515,5 млн сомдон 10 млрд 357,2 млн сомго чейин өсүп, туруктуу жана олуттуу өсүү динамикасы байкалууда. Бул көрсөткүч Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын эффективдүү ишмердүүлүгүн айгинелейт.
2025-жылдын 1-январына карата Иш башкармасынын курамына 15 бюджеттик мекеме жана 19 чарбалык эсептеги уюм кирген.
Ушул жылдын тогуз айынын ичинде төрт мекеме Иш башкармасынын карамагына өткөрүлгөн:
• “ЭлКат” ЖЧК,
• “Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор” (УНАА),
• “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркы,
• “Акнет” компаниясы.
Ошону менен бирге, төмөнкү уюмдар Иш башкармасынын карамагынан чыгарылды:
• “Кыргыз Куршевель” (Ала-Тоо Резорт) МИ,
• “Алтын-Көл” МИ,
• “Кыргыз деңизи” МИ.
2025-жылдын 1-октябрына карата, Иш башкармасы 17 бюджеттик мекемени жана 16 чарбалык эсептеги уюмду көзөмөлдөйт.
Коллегиянын жыйынтыгында ведомстволук уюмдардын жетекчилерине каржылык жана чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун мындан ары да жогорулатуу, ресурстарды рационалдуу пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу жана ачык-айкын башкаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.