www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча тайын өкүлү Динара Кемелова Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эл аралык тоо күн тартибинин алкагында жана Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын (2023-2027) ишке ашыруу боюнча кызматташуу перспективалары талкууланды.

Атайын өкүл Динара Кемелова Кыргызстандын туруктуу тоолуу өнүгүү боюнча артыкчылыктары жөнүндө айтып, климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктарга жана татаал географиялык шарттарга байланыштуу тоолуу райондордун тургундары туш болгон көйгөйлөрдү жана чакырыктарды белгиледи.

Ошондой эле Атайын өкүл Динара Кемелова кыргыз делегациясынын, Тоо тобунун башка өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын 30-конференциясынын (COP-30) алкагында тоо күн тартибин алдыга жылдыруудагы жетишкендиктерин белгиледи. Анын ичинде, COP-30дун маанилүү чечими 2026-жылы Бонн конференциясынын алкагында Тоолор жана климат боюнча диалог өткөрүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы болду.

Динара Кемелова менен Сироко Мессерли ошондой эле 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөрүү пландаштырылган "Бишкек+25" экинчи глобалдык Бишкек тоо саммитине даярдыктын жүрүшүн, анын ичинде Швейцариянын илимий жана эл аралык институттарын Саммитти уюштурууга тартууну, ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарына тиешелүү эки тараптуу долбоорлорду талкуулашты.

Последние новости