www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июндан тарта БШКнын билдирүүсү боюнча президенттикке ат салышууну каалагандар талапкерлигин сунуштай баштайт.

Өлкөнү өнүктүрөм дегендер өзүнүн талапкерлигин 1-августка чейин берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 10-сентябрда талапкерлердин тизмеси элге расмий жарыяланат.

Үгүт иштери да так ушул күнү 10-сентябрда башталып, "президент болом" деген талапкерлер, өздөрүн асман менен күнгө теңеп, 25 жылдан бери катыра айтып келген катардагы калптарын, “лапшаларын” кайрадан улантып, ырчы-чоорчусун жетелеп, тарсылдатып салюттарын аттырып аймактарды кыдырат. Туптуура 14-октябрда БШК үгүт иштерине мыйзамга таяп “тып” токтот.

Эске сала кетсек, “ушакчы Кеңеш” баса, Жогорку Кеңеш кечээ, 15-октябрда президенттик шайлоону өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости