www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча Египетке расмий сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Каир шаарынын «Каир» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Египет Араб Республикасынын жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто Кыргызстандын жана Египет өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө негиз түзөт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
Садыр Жапаров — Кыргыз Республикасынын президенти;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Сагынбек Абдумуталип — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Улукбек Марипов — Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгында жана Египет Араб Республикасындагы элчиси;
Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы;
Бактияр Орозов — илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
Медер Машиев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Азамат Жамангулов — санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Бакыт Сыдыков — экономика жана коммерция министри;
Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.