www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров депутаттарга ыраазылык билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште айрым министрлердин ант берүү аземине катышып, анда сөз сүйлөп жатып депутаттарга ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо, салык жыйымдарын арттыруу, шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка коомдук саясий турмушубузга түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзамдарды кабыл алып бердиңиздер.

Бүгүнкү күндө парламент жаңы Кыргызстанды куруу жолунда өтө маанилүү чечимдерди кабыл алууда чоң ролду ойноп келет. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу башында турган Жогорку Кеңештин депутаттарына жана ар дайым аркада күч болуп келе жаткан Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тилектердин ишке ашуусуна кош колдоп салым кошуп, эриш аркак иштеп келе жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем», - деди өлкө башчы.

Последние новости