www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолугушту.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы Өзгөн районунда 108 айылдын 51и таза суу менен камсыздалганын белгиледи. Калган 57 айылдын 22синде быйыл суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталган. Ошондой эле, Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу курулуштар долбоорлору аяктап, ишке киргизилген.

«Жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2025-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен 124 чакырым жол курулган. Быйыл 71 чакырым жолду оңдоону пландап жатабыз. Былтыр райондо 44 социалдык объект курулушу аяктап, быйыл 20 объект куруу пландалган», - деди Садыр Жапаров.

Ал билим берүү тармагында жети авариялык мектептин экөөсүндө, ошондой эле бир катар бала бакчада курулуш иштери жүрүп жатканын белгиледи. Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси коңшу мектептерден мугалимдерди бир учурда эки жерден иштөө шарты менен тартуу, ошондой эле кайрадан окутуу жана экинчи адистикке ээ болуу аркылуу чечилип жаткандыгы айтылды.

«Саламаттыкты сактоо объекттеринин курулушу жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселелери системалуу түрдө чечилет. Өзгөн районунун 350 орундуу жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен тааныштым. Мындан тышкары, Ынтымак айылында фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат», - деп баса белгиледи ал.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Последние новости