www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата Бишкек шаарында өтүп жаткан «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышууда.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен чыкты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул күнү келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын, чоң аталардын элесине таазим этүү менен бүгүнкү жүрүш алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналаарын белгиледи жана дүйнөдө тынчтык, элибизге ынтымак, аманчылык каалады.
Эске салсак, Президент Жээнбеков өткөн жылы дагы «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышкан.
Бул акциядан кийин Мамлекет башчысы Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышат.
Булак:NazarNews.kg