www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Дордой конушунда 570 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде ишке ашырылып жатат.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын экинчи кабатынын колонналарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Долбоордо окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү каралган.
Курулуш иштеринин жүрүшү министр Нурдан Орунтаев тарабынан жеке көзөмөлдөнүүдө. Учурда куруучулар объектте эки нөөмөт менен иш алып барышууда.
Белгиленгендей, жаңы мектептин курулушу Дордой конушундагы окуучу орундардын тартыштыгын азайтууга жана аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.