www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, иш сапары менен Будапешт шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Мажарстандын министри - Премьер-министринин Канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

 

Последние новости