www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-февралда «Ынтымак ордонун» имаратында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана кийинки жылдарга пландары жөнүндө республикалык кеңешме өтүп жатат. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине тааныш-билиштерин кызматка орноштуруудан алыс болгула деген талабын айтты.

"Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, таякем, кудам же жердешим деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек", - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы эгер ушундай жагымсыз, мыйзамсыз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экенине карабай тиешелүү жаза колдонуларын эскертти.

"Бүгүн биз саясий интригаларды бул жакка коёлу, ката кетирүүгө да акыбыз жок. Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер түздөн-түз өзүнө тагылган иш милдеттери менен гана алек болушу керек. Маяна алып, ишинен баар таап жатканда, ишмердигин абийир менен эч кандай компромисске барбастан жүргүзүүсү зарыл. Ушундай жол менен гана бийлик өнүгүүнүн чыныгы куралы болуп кызмат кылат", - деди президент.

Последние новости