www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады.
Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуяны жаратканын баса белгиледи.
Маалым болгондой, 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен, башкача айтканда, ЕБ “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.
Садыр Жапаров булар Кыргызстандын эл аралык майдандагы кадыр-баркын жаңы деңгээлге көтөргөн, өлкө келечегин өзгөртө турган бурулуштуу окуялар экенин белгиледи.
“Кыргызстандын шайланышы - дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана БУУнун алдынкы органына шайлоодо баардык өлкөлөрдүн тең укуктуулугун камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болду. Бул биздин Элчилерибиздин, Башкы консулдарыбыздын, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкерлеринин күнү-түнү талыкпай иштеген түйшүктүү эмгегинин натыйжасы экенин баса белгилеп айта кетейин”, - деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондой эле Президент дагы бир маанилүү жетишкендик – Кыргызстан үчүн Европанын асман аймагынын ачылышына токтолду.
“Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын эл аралык авиациялык коомчулуктагы аброюн жогорулатуу менен бирге, өлкөнүн транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө, жаңы авиакомпанияларды жана эл аралык каттамдарды тартууга, туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууга, ошондой эле авиация тармагынын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, - деди Мамлекет башчысы.
Ошентип, Садыр Жапаров Кыргызстан глобалдык саясаттын төрүнө жана Европанын асманына кадам таштаганын баса белгиледи.
“Бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка коопсуз, убадасына бекем жана геосаясий аренада өз алдынча позициясы бар, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана тең укуктуу өнөктөш катары таанылды”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда бул эки тарыхый жетишкендик кыргыз дипломатиясынын, мамлекеттик башкаруу системасынын жана бүтүндөй Кыргызстан элинин биргелешкен эмгегинин үзүрү экенине өзгөчө токтолду.
Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына кошкон олуттуу салымы, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча натыйжалуу иши үчүн сыйланат:
• III даражадагы «Манас» ордени менен
• Кулубаев Жээнбек Молдоканович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
• «Даңк» ордени менен:
• Исаев Асеин Кусеинович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
• Касымалиева Аида Камчыбековна – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү;
• «Ардак» медалы менен:
• Лоу Мухамед Исырович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин кеӊешчиси;
• Тультемиров Адылбек Жыргалбекович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
• Утебаев Медер Шамшибекович – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Президенттин атынан алкыш жарыяланат:
• Аданов Рахман Бектурсуновичке – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси;
• Азизова Айжан Джанышевнага – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;
• Анарбаев Анвар Арслановичке – Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
• Баетов Аяз Батыркуловичке – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусундагы Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
• Байгазиев Данияр Талантбековичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы;
• Дайирбеков Бейшен Усеновичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;
• Исаков Эрмек Болотовичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары – Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүмүнүн башчысы;
• Казакбаев Руслан Айтбаевичке – Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
• Мүлкүбатов Календер Нурлановичке – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;
• Ниязалиев Нуран Садыровичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору;
• Рыскулов Асхат Токтобековичке – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси;
• Султанов Омар Абдыразаковичке – Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү;
• Тилебалиев Айбек Алмасбековичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
• Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловнага – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;
• Шамшидов Куштарбек Осмоналиевичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;
• Турсункулов Канат Асанкановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору.
Мындан тышкары Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон олуттуу салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн сыйланат:
• III даражадагы «Манас» ордени менен:
• Бостонов Данияр Куватбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
• Самидинов Манасбек Самидинович – «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы;
• «Даңк» ордени менен
• Искендербекова Кундуз Искендербековна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башкы эксперти.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланат:
• Джапаров Талгат Эрмековичке – «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун коопсуздук боюнча директору;
• Джумалиев Бектур Алмазбековичке – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
• Мамбетов Алтынбек Мурадиловичке – «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору;
• Төлөгөнов Канат Төлөгөновичке – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
Мындан тышкары, бир катар мамлекеттик кызматкерлерге дипломатиялык ранг ыйгарылды.
“Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси” дипломатиялык рангы:
* Кадыралиев Азамат Сактанбековичке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары — Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
“Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси” дипломатиялык рангы:
* Усубалиев Нурсултан Талайбековичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы.
* Алмазбеков Даврон Асхатовичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протоколдук кызматтын жетекчиси;
* Кожобекова Жылдыз Эмилбековнага – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин укуктук департаментинин директору;
* Жумакадыр уулу Сейтекке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору;
* Мамадалиев Мэлис Суеркуловичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
* Кустебаев Чыңгыз Сулаймановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;
* Өмүркулова Айдай Муктарбековнага – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси.