www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүндө Кыргызстандагы балдарга арналган контенттин абалы жана аны өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, кино жаратуучулар, сынчылар, сценаристтер, режиссерлор, маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, алар балдарга арналган мультипликациялык фильмдерди жаратуудагы көйгөйлөрду ортого салышты.

Катышуучулар акыркы 25-30 жылда балдарга арналган фильмдер дээрлик тартылбай калганын, жаш муун көбүнчө ата мекендик эмес чет элдик анимацияга басым жасаарын белгилешти. Ошондой эле негизги көйгөй каржынын таңкыстыгына барып такалары айтылды.

Жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков быйыл Президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен балдарга арналган мультипликациялык фильмдерди жаратуу үчүн казынадан 65 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

“2026-жылга Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен балдарга арналган мультфильмдерди тартуу үчүн казынадан 65 млн сом бөлүндү. Бул каражат бизге чоң колдоо болуп жатат. Эгер салыштырып айта турган болсок, буга чейин жалпы кинематография тармагына 50 млн сом бөлүнүп келген. Бул жылы бир гана мультфильмдерди жаратууга ушунча чоң акча бөлүндү. Учурда улуттук баалуулуктарга, маданиятыбызга туура келген балдар контентин жаратуу үчүн Маданият министрлиги менен биргеликте Кинематография департаменти сынак жарыялаганы турабыз”, - деди Төрөбеков.

Балдарга арналган контенттерди тартуу учурунда Кинематография департаменти “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн “Байчечекей” балдар журналы менен тыгыз иштешүү боюнча макулдашышты. Ага ылайык, жаңы мультфильмдердин каармандары жаш муундарга журнал аркылуу алдын-ала тааныштырылып турат.

Ошондой эле адистер мультипликациялык жана анимациялык фильмдерди жаратууда кыргыздын маданияты, улуттук баалуулуктары, нарк-насил жана салт-санаасы эске алынып, ага өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары азыркы балдардын табити эске алынып, психолог жана тийиштүү адистер менен чогуу иш алып баруу маанилүү экендиги айтылды.

Последние новости