www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. Маек "Кабар" агенттигине жарыяланды.
— Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алууну тапшырганыңыз белгилүү болду. Бул жаңылык коомчулук тарабынан позитивдүү кабыл алынды. Бул демилге эми такыр эле кирбей калдыбы же башкача форматта ишке ашабы?
— Бул демилге ИИМ аркылуу кириптир. Жол эрежесин бузгандарды токтотуп, эрежелерди сурап, текшерүү максатында кирген экен.
Эгер айдоочу жол эрежелерин таптакыр билбесе, анда күбөлүктөрүн алып, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтөт экен.
Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет.
Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлер өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот.
Бул маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат.
Мен дайыма айтып келем, мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандарыбыз көп кырсыктап жатат.
Ошону жоюунун бир ыкмасы ушул. Негизи эле элибиз “люстрация” деген сөздү жакшы көрүшөт го. “Люстрация” кылыш керек деген сөздү көп колдонушат. Бул да “люстрациянын” бир бөлүгүнө кирет.
Бийлик бутактарын беш жылдан бери “люстрация” кылып, жогорку бутактарда дээрлик баарын бүтүрдүк. Эми башка бутактарды да “люстрация” кылалы да.
Башка кандай жол менен “люстрация” кылабыз бул тармакты? Эгер жол эрежесин бузгандарды тим койсок жол кырсыктары күндөн-күнгө күчөй берет.
Жарандарыбыз кайтыш боло берет. Майыптар көбөйө берет. Ошондуктан бул тармакка катуу көңүл бурушубуз керек.
Эми мындан ары күбөлүк сатып алуулар 99 пайыз болбойт. Бул маселени мамлекет колго алдык. Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларды жол эрежесин билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот.