www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Temirov Live каналынын учурдагы жана мурдагы сегиз кызматкеринин үйлөрү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында басылманын директору Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана башкалар бар.

Болот Темиров укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүү үчүн басылманын кеңсесине баратканын кошумчалады.

Ошондой эле «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбектин үйүндө да тинтүү жүргүзүлдү. Ал камерага иш «массалык башаламандыкты уюштурууга» байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү. Журналистти ИИМдин тергөө бөлүмүнө суракка алып кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости