www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пезешкиан Алиевге эмне деп сөз берди?

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Азербайжан президенти Ильхам Алиев телефон менен сүйлөштү. Анда алар 5-мартта Нахчыванга жасалган дрон чабуулун талкуулашкан.

Масуд Пезешкиан Нахчыванга абадан жасалган чабуулга Ирандын тиешеси жок экенин айтып, бул окуя кылдат иликтене турганын белгилеген.

Өз кезегинде мамлекет башчысы да Нахчыванда болгон бул окуяны иликтөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Эске салсак, 5-мартта Иран аймагынан учурлган делген алыстан башкарылуучу 4 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) Азербайжандын Нахчыван Автономиялуу Республикасынын жарандык инфраструктураларына, аэропортко чабуул жасаган. Окуянын натыйжасында 4 жай тургун жаракат алган.

Последние новости