www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун республикалык деңгээлдеги иерархиясына кирген башчыларын жана жогорку даражалуу функционерлерин нейтралдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын 7-мартында кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунда туруктуу түзүмгө ээ болгон "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерлерин жана функционерлерин нейтралдаштыруу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун таасирдүү лидерлеринин бири М.Н.Э. кармалды. Ал аталган экстремисттик уюмдун иерархиясында Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча масул (лидер) катары көрсөтүлгөн.

Аталган жаран Кыргыз Республикасындагы Хизб-ут-Тахрир уюмунун лидери жана дүйнөлүк Хизб-ут-Тахрир системасындагы Кыргыз Республикасынын өкүлү менен байланышын сактап келген. Ал бир нече жылдар бою Жалал-Абад облусунун калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, экстремисттик материалдарды таратуу жана катардагы мүчөлөрдөн экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултуу менен алектенген.

Кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда уюмдун түзүмдүк уячаларын жана башка кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

 

Последние новости