www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасы Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) тарыхында биринчи жолу өзүнүн Улуттук стендин көрсөттү.
Стенддин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышып, бул кадам өлкөнүн экономикалык дипломатиясындагы жаңы этап экенин белгиледи.
Анын айтымында, Улуттук стенд Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, экономиканын негизги тармактарындагы жетишкендиктерин жана ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын таанытууга багытталган.
Форумдагы кыргыз стенди эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду сунуштоо жана кыргызстандык менен чет элдик ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн негизги аянтча болуп кызмат кылат.
Ошондой эле стендге келгендер энергетика, туризм, санариптик экономика, өнөр жай кооперациясы жана транспорттук инфраструктура сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча маалымат ала алышат.
ПЭЭФ дүйнөдөгү ири экономикалык аянтчалардын бири болуп саналат жана эл аралык инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.