www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон.

 Соцфондго пенсиянын топтомо бөлүгүн баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина) жана баалуу кагаздарга инвестициялоого уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгону айтылган. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты ар багыттуу инвестициялоо аркылуу пенсиялык топтоо каражатынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу болуп саналат. Пенсиялык топтоо узак мөөнөткө инвестициялана турганын эске алып, аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана баалуу кагаздарга инвестициялоо мыйзам менен каралат", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам ошондой эле Социалдык фондго резерв түзүү милдетин да камтый турганы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, учурда Соцфонд топтолгон каражатты банктык депозиттерге жана мамлекеттик баалуу кагаздарга салат. Ведомство бул практиканы "консервативдик инвестициялык саясат" деп атаган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости