www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду жакшы билгендер анын адамдык сапатында кынтык жок экенин айтышат. Ал эми парламенттеги ишмердүүлүгү, төрагалык милдетти канчалык деңгээлде аткарып атканы боюнча саясат таануучу, коомдук ишмерлер өз пикирлерин ортого салышты.
- Жогорку Кеңештин төрагасынын тарыхый миссиясы өлкөбүздүн «парламенттик республика» деп жар салганыбызга ылайык өтө эле кадыр-барктуу жана чоң жоопкерчиликтүү болуп эсептелет. Бирок, ал миссия 2010-жылдан бери аткарылбай келгени өкүнүчтүү! Туурасын айтсак, ошол мен жогоруда айткан кадыр-баркка эптүүлүк менен ээ болуп алышып, эч кандай жоопкерчилик жок! Төрагалар президенттерге кадимкидей эле жүгүнүп кызмат кылып келишет. Натыйжада, бийликтин эл шайлаган бирден-бир ишенген бутагы жарым жан болуп, ары-бери кылчактап, жетим баладай жалтактап, өлбөстүн күнүн көрүп келүүдө.
Кыргызстандын бүгүнкү шордуу кейпинин бир себеби ушул. Парламент төрагасы мамлекеттик деңгээлдеги күчтүү лидер болуусу абзел. Карапайым эл төрага деген түшүнүктү өтө ыйык көрөт, сезет жана баалайт! Тилекке каршы, акыркы учурларда депутаттардын эң күчтүү, билимдүү жана мекенчил өкүлдөрүнө төрагалык орун дегеле буюрбай келүүдө! Натыйжада, парламенттин аброю элдин көз алдында уламдан-улам түшүп баратат. Парламент төрагасы көрүнгөн жерде, күмөндүү иш-чараларда катышып жүрүүсү 120 эл өкүлүнө дегепе абийир алып келбейт!
Булак: "АЗИЯnews"