www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды түзүү багытындагы ири долбоорлордун бири болгон Папан гидроэлектростанциясынын курулушу уланууда.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги объектилеринин бири болгон деривациялык суу өткөрүүчү тоннелде алгачкы 30 метрлик казуу иштери аяктады. Жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзө турган тоннель ГЭСтин маанилүү инфраструктуралык бөлүгү болуп саналат.

Учурда курулуш жана бургулоо-жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүү уруксат документтери алынган. Объектте 30дан ашык атайын техника жана жабдуу иштеп, курулушка зарыл материалдар жеткирилген. Ошондой эле узундугу 8 чакырымга жакын кирүүчү жол оңдолуп, бекемделди.

Мындан сырткары, административдик имараттын курулушу толугу менен аяктап, суу алуу түйүнү менен дарбаза камерасынын аянтчалары даярдалды. Азыркы тапта ГЭС имаратынын пайдубалы үчүн чуңкур казуу иштери жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында ар бири 10 мегаватт кубаттуулуктагы үч гидроагрегат даярдалууда. Алардын даярдык деңгээли учурда болжол менен 70 пайызды түзөт.

Ошондой эле электр берүү линиясын куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо жана тиешелүү документтерди тариздөө иштери уланууда.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, курулуш графиги жана коопсуздук талаптары сакталган шартта, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Папан ГЭСин 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

Последние новости