www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесинде жол куруу иштери активдүү уланууда.
Учурда жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу жумуштары аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
Анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жолунун 14 чакырымы оңдолуп, жалпы 34 чакырым жол жаңыланат.
Бүгүнкү күнгө карата 18 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Калган тилкелерде жолдун негизин даярдоо жана жасалма курулмаларды куруу иштери уланууда.
Курулуш иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасынын филиалы жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат.
Жолдун жаңыланышы туристтердин жана эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде уюштурууга шарт түзөрү күтүлүүдө.