www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Асиф Али Зардарынын Кыргызстанга болгон расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгында маанилүү кадам катары бааланууда. Бул тууралуу Пакистандагы Pakistan TV телеканалынын башкы редактору Анам Аббасинин пикирин жеринен кесиптешибиз Мухаммад Асиф NazarNewsка билдирди.
— Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринын Кыргызстанга жасаган сапары эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган маанилүү окуя болуп саналат.
Кыргызстан менен Пакистанды бекем эки тараптуу мамилелер жана эл аралык деңгээлдеги достук байланыштар бириктирет. Өзгөчө Борбор Азиянын стратегиялык борборунда жайгашкан Кыргызстан үчүн аймактык байланыштарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет.
Бул багытта Пакистан деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган маанилүү өнөктөш катары каралууда. Транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле экономикалык жана коопсуздук тармагындагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт, - дейт Пакистандагы Pakistan TV телеканалынын башкы редактору Анам Аббаси.
Эске сала кетсек, 7-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи болуп өткөн.
“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 этно-жоокер катышкан.