www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-сентябры Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн дем алыш күнү деп белгиленди.

Бул күн үчүн кызматкерлердин эмгек акылары толугу менен сакталат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жеке ишканаларга жана компанияларга да ушундай сунуш берилди.

Аталган чечим Президент Садыр Жапаровдун айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө боюнча жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.

Ошондой эле өлкө эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу 31-августта Кыргызстандын бардык аймактарында маданий жана оюн-зоок иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягында жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөрү белгиленди.
Маалыматка ылайык, 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп, анда катышуучу командалардын парады жана чакан концерттик программа уюштурулат.

Ал эми “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземинде эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерттик программа тартууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, ири объекттин ачылышы жалпы элдин катышуусунда өтүшү каралууда.

Последние новости