www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чыңалуу кечээ күчөдү. Geo TV телеканалынын маалыматы боюнча, Пакистандын аба күчтөрү Нангархар провинциясындагы ооган аскерлеринин позицияларына сокку урган. Кол салуудан улам ири ок-дары кампасы жок кылынган.

Ал эми, бүгүн, 27-февралда Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф Ооганстандагы талиб өкмөтүнө каршы "ачык согуш" жөнүндө эскертти.

"Эми биз силерге каршы ачык согуш ачабыз", - деп X социалдык тармагына жазды.

Министр талиб өкмөтү "терроризмди экспорттоо" менен "дүйнөнүн бардык жеринен террористтерди" өзүнө тартканын ырастады.

Белгилей кетсек, 26-февралда Ооганстан менен Пакистандын чек арасында жаңы салгылашуулар башталган. Бул талаштуу чек ара боюнча эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган тирешүүнүн уландысы – 1893-жылы британиялыктар тарабынан тартылган Дюранд сызыгы пуштун урууларын эки бөлүккө бөлгөн (бири Ооганстанда, экинчиси Пакистанда калган). Ооганстан аны эч качан расмий түрдө акыркы чек ара катары тааныган эмес, ошондуктан чыр-чатак уланууда.

Кабул Пакистандын мурунку аба соккуларына жооп катары армия ири масштабдуу операцияларды баштаганын жарыялады. Талибан чек арадагы ондон ашык Пакистандын аскердик бекеттерин басып алганын билдирди.

 

Последние новости