www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан менен Иран терроризмге, баңги затка жана адам сатууга каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча макулдашканы маалымдалды.
Dawn гезитинин маалыматы боюнча, Пакистандын Ички иштер министрлиги Пакистандын ички иштер министри Мохсен Накви менен Ирандын ички иштер министри Искандар Мумининин Исламабадда өткөн жолугушуусу тууралуу билдирүү жарыялады.
Билдирүүдө Накви менен Мумини эки тараптуу карым - катнаштарды, сооданы, аймактык өнүгүүлөрдү жана кызматташуу багыттарын талкуулашканы жана эки тарап тең терроризмге, баңги затка жана адам сатууга каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашканы белгиленди.
Билдирүүдө Наквинин: "Пакистан Иран менен бардык тармактарда кызматташууну күчөтүүгө даяр. Жакында жакшы жаңылыктар келет жана (АКШ менен Ирандын ортосунда) тынчтык түзүлөт деген үмүттөмүн", - деген сөздөрүнө да орун берилди.
Мумини кечээ Исламабаддагы жолугушууларынын алкагында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен да жолугушту.