www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Алар:
* М.К., 1996-жылы туулган;
* CH.SH., 1984-жылы туулган;
* D.GU., 1988-жылы туулган.
Алардын бири көп кабаттуу үйдүн короосунда коомдук жайда заара ушатса, калган экөө спирт ичимдиктерин ичкен абалда жүргөн. Видеодо алардын биринин коомдук жайда чылым чеккени да катталган.
Милициянын ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр аныкталып, Биринчи май РИИБине жеткирилди. Аларга майда бейбаштык жана чылымды белгиленбеген жайда чегүү беренелери боюнча протоколдор түзүлдү.
Учурда укук бузуучулар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Чечим кабыл алынгандан кийин алар Кыргызстандан чыгарылары маалымдалды.