www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан аскерлердин акыркы чатактарынан кийин Афганистан менен болгон негизги чек ара өткөрмө пункту — Чаманды жапты. Коопсуздук максатында кабыл алынган бул чечим тууралуу «24KZ» маалымдайт. Чек ара качан ачылары азырынча белгисиз.

Ошол эле учурда качкындар оор кырдаалда калышты: жүздөгөн адамдар жүктөрү менен өткөрмө пунктунда тыгылып, анын ачылышын күтүп турушат.

Эске салсак, 5-декабрь күнү кечкисин афган-пакистан чек арасындагы ок атышууда 4 адам каза болуп, дагы 4 киши жараат алган. Тараптар кырдаалды биринчи болуп ким баштагандыгы боюнча бири-бирин айыптоодо.

Белгилей кетсек, кагылышуулар тараптар Эр-Рияддагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раундун өткөргөндөн бир нече күн өткөндөн кийин кайра башталды. Ал жолугушууда өлкөлөр келишимге келе алышкан эмес.

Последние новости