www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы Айдаркен районунун чек арачылары тарабынан аткезчилик жол менен жүк ташууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1981-жылы туулган кыргызстандык жаран «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасы менен Кадамжай районунун Жийде-Арык айылында көзөмөл пункттан тышкары аймактан Кыргызстандан Өзбекстанга 14 сыналгы жана 38 төшөк алып өтүүгө аракет жасаган. Кармалган адамдын жанында жүктү ташууга тиешелүү документтери болгон эмес.

Белгилей кетсек, «Жүктүн жалпы суммасы 350 миң сомду түздү. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости