www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Россиянын Самара жана Оренбург облустарынан өзүнүн жарандарын поезд менен чыгарып кетет. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара комитетине таянып, өзбек басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, «Өзбекстан темир жолдору» мекендештерин алып кетүү үчүн Россияга үч жолу каттам жасайт. Алардын көбү – коронавирус эпидемиясына байланыштуу орус-казак чек арасынан өтө албай калган эмгек мигранттары.

Самара жана Оренбург облустарында өзбекстандык миңдеген эмгек мигранттары ара жолдо калган. Алар эки аптадан ашык убакыттан бери талаа лагерлеринде жашап жатышат. Ал жерлерде шарт жок, мигранттардын акчасы түгөнүүдө. Андыктан Бузулук районунда талаада калган мигранттар жолду ачып берүү талабы менен Казакстандын чек арасын тосушкан. Бирок мигранттардын айтымында, полияция кызматкерлери курал-жарактары менен келишип, айрымдарын сабап, камакка алуу менен коркутуп кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости