www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү №14 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттын мандатынан ажырашы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Ушуга байланыштуу шайлоо процесси кандай жагдайда башталгандыгы жана эмне себептен айрым талапкерлер, анын ичинде Осмон Турдумамбетов шайлоого катышпай калганы тууралуу маалымат таратты.

Ал: 2025-жылдын ноябрь айында өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу максатында мен Борбордук шайлоо комиссиясына бардык тиешелүү документтерди тапшырып, 300 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөп, үгүт иштерин баштоого даярдык көргөм. Командабыз Токтогул районунда штаб ачып, уюштуруу иштерин жүргүзө баштаган.

Бирок 2-ноябрь күнү Токтогулга бара жаткан жолумда, Кара-Балта шаарында УКМКнын кызматкерлери тарабынан токтотулуп, Бишкек шаарына жеткирилдим. Ал жерде мага кысым көрсөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына алып барышып, «шайлоого өз каалоом менен катышпайм» деген мазмундагы арыз жаздырууга мажбурлашкан.

Мындан тышкары, мага социалдык тармактарда — Facebook, Instagram жана башка платформаларда — бул тууралуу эч кандай маалымат жарыялабоо боюнча катуу эскертүү берилген. Ошол учурда тарапташтарыма жана үгүтчүлөрүмө карата да басым жасалышы мүмкүн экендигин көрүп, мыйзамдуу укуктарымды коргоо мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин түшүнүп, сабыр кылууга аргасыз болгом.

Бүгүнкү күндө мен жаран катары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атына расмий кайрылуу жолдодум. Кайрылууда менин конституциялык укуктарымдын бузулушу боюнча укуктук баа берилип, тиешелүү териштирүү жүргүзүлүшүн сурандым.

Ошондой эле, бул окуяга байланыштуу айрым талапкерлер — Борбиев, Сулайманов жана башка жарандардын мүмкүн болгон катышуусу да мыйзам чегинде текшерилет деп ишенем. Тергөө жыйынтыгында бардык жагдайлар ачыкка чыгып, ким кандай роль ойногону аныкталат деген үмүттөмүн.

Белгилей кетчү жагдай — менден кийин ушундай эле жагдайда талапкер жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Замир Мамасадыковго да арыз жаздыруу фактысы орун алгандыгы маалым.

Эч ким жана эч качан жарандардын шайлоого катышуу жана шайлануу укугун мыйзамсыз чектебеши керек. Бул — Конституция менен кепилденген негизги укук. Акыйкаттык орноп, чындык сөзсүз жеңет деп ишенем, - деп билдирди өзүнүн социалдык тармагынан депутаттыкка талапкер Осмон Турдумамбетов.

Последние новости