www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын жана анын капиталдык курулуш башкармалыгынын, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча агенттигинин, эки курулуш компаниянын кызмат адамдары, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, атайылап, иштердин көлөмүн көп көрсөтүп жазышып, алынчу курулуш материалдарынын бааларын жогорулатылган баалар менен тендер өткөрүшүп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкени аныкталган. Натыйжада, мамлекетке ири өлчөмдө 25 690 143 сом материалдык зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү катары Ош шаарынын мурдагы вице-мэри 1981-жылы туулган И.М., инженер кеңешчи 1967-жылы туулган Э.Э., мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контроль жүргүзүүчү мамлекеттик инспектор 1992-жылы туулган Т.Т., Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары 1988-жылы туулган А.А. жана жаран 1981-жылы туулган Н.С. кармалышты. Кармалгандарга карата Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду», — деп жазылат маалыматта.

Последние новости