www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев коронавирустан каза болгон 3  адамдын сөөгүн кароодон өткөргөн. Ал СОVID-19 илдетинен каза болгон адамдын өпкөсү кара кочкул түскө өзгөрүп, катып калганын байкаган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Арап Кожобаевдин айтымында, коронавирус менен ооруган адамдын өпкөсүнүн дем алуучу жолдоруна эт өсүп кетет.

«Коронавирустан каза болгон адамдардын сөөктөрүн кароодон өткөрүп, ар бир органынын  бөлүкчөлөрүн Бишкекке текшерүүгө жөнөткөнбүз. Алар бөлүкчөлөрдү микроскопиялык жол менен изилдешкен. Бизге коронавирус адамдын өпкөсүн кандай жабыркатканы жөнүндө гистологиялык сүрөттү  жөнөтүштү. Анда өпкөнүн жогорку дем алдыруучу жолдорунда эт өсүп кеткенин байкадык. Ал дем алууну начарлатып, бейтапка аба жетпей каза болот», – деди Арап Кожобаев.

Анын айтымында, айрым өнөкөт оорулары бар адамдарга коронавирус жукса, айыгуусу кыйын болот.

«Кант диабети, жүрөк, бронхит жана башка өнөкөт оорулары менен жабыркагандар бул вируска туруштук бере албайт. Биз кароодон өткөргөн маркумдун бири 61, бири 82 жаштагы Ош облусунун тургундары болчу. Дагы бир маркум Ош шаарынан болчу. Буга чейин жүрөк жана кант диабети менен ооруп жүргөнү маалым болгон. Алардын иммунитети алсыз болгондуктан, организм вирус менен күрөшө албай калган. Андай учурда дем алдыруучу аппарат да жардам бербей калат», – деди А.Кожобаев.

СОVID-19 илдетинен каза болгон маркумдар ооруканада дарыланып жатканда каза болушкан. Аларды санэпидемстанциянын кызматкерлери мүрзөгө алып барып, жерге беришкен. Жакындарына сөөктү ачып көрүүгө, коштоп барууга уруксат берилген эмес.

«Коронавирустан каза болгондорду хлор кошуп кепиндегенбиз. Кепинди ачканга болбойт. Маркумду үйүнө алып барууга уруксат берилбейт. Сөөктүн жанына эч кимди жолотушпайт», – деди Арап Кожобаев.

Ал өлкөдө коронавирус аныкталгандан бери жол кырсыгынан каза болгондор жана өз өмүрүнө кол салгандардын саны кыскарганын билдирди.

«2020-жылдын январь айынан 22-мартка чейин 24 адамдын өлүмү катталган. Карантин башталган күндөн бүгүн, 14-майга чейин 8 өлүм катталды. Бизге көбүнчө жол кырсыгынан жана өз өмүрүнө кол салгандар келип түшөт», – деди Арап Кожобаев.

Булак: turmush.kg

Последние новости