www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап оор абалда Москванын ооруканасында жатат.

Анын оорусу боюнча ар түрдүү маалыматтар тарап жатат. Бирок, анда пневмония оорусу өрчүшүп жүрөгүнө таасир берген. Буга байланыштуу Абдулманап Нурмагомедовго тез арада операция жасалып, комадан чыкты.

Спортчунун атасы Махачкаладагы спорттук базаны куруу иштерин барып көрүп келгенден кийин ооруп калган. Жакындары сасык тумоолоп калды десе, айрым маалымат булактары андан коронавирус тастыкталганын жазышууда.

14-майда UFC президенти Дана Уайт Абдулманап Нурмагомедовдун оор абалда жатканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтты.

“Абдулманап Нурмагомедов- Хабибдин карьерасында дайыма жанында жүргөн адам. Ата-баланын ортосундагы мамиле канчалык жакын экенин билем, азыр Абдулманаптын абалын угуу мага өтө оор болду“,- деп жазат.

Эске салсак, буга чейин Конор МакГрегор да Хабибге колдоо сөздөрүн Твиттердеги баракчасы аркылуу айткан.

Абдулманап Нурмагомедов Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу болуп саналат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости