www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракчылыкка шектелгендер кармалганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө убактылуу жашап, жогорку окуу жайлардын биринде окуган 2002-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 2026-жылдын 19-март күнү, саат 02:00 чамасында Ош шаарынын Н Исанов көчөсүндөгү "Енисей" маркетинин алдында бейтааныш 2 жаран күч колдонуп "Айфон 15" үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын билдирген.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүүлөр кармалышты. Алар: Баткен облусунун Айдаркен шаарынын тургундары 2004-жылы туулган Т. уулу Э.(мурда адам тоноо менен соттолгон) жана анын жердеши, 2007-жылы туулган А.А. 

Учурда бул эки шектүү жарандын Ош шаарынын Курманжан-Датка аймагынан (Юго-Восток) ондон ашуун студенттерди(арасында чет өлкөлүктөр дагы бар) тоногондугу маалым болду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош шаардык милициясы эгерде бул адамдардан жабыркагандар болсо Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө кайрылууну суранат.

Последние новости