www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун жана акча каражаттарын тартып алууга шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү 2008-жылы туулган Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнө тең үч бала токтотуп, коркутуу жолу менен «iPhone XR» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, скутерин жана 200 сом акчасын ачык түрдө тартып алганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле мезгил аралыгында аталган үч жаранга карата милицияга дагы 8 арыз түшкөн. Жабырлануучулар топ аларды коркутуп, уюлдук телефондорун жана акчаларын тартып алганын билдиришкен.
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмыштарга шектүү үч жаран 28-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алар — 2010-жылы туулган А.Ф., 2009-жылы туулган М.К. жана 2011-жылы туулган Т.Д.
Ош шаардык соту 29-августта шектүүлөргө карата баш коргоо чарасын карап, аларды бир ай мөөнөткө камакта кармоо чечимин кабыл алган.
Сүрөттө: кармалган шектүүлөр.