www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто дайынсыз болуп жаткан энеси менен кызы табылды

Кара-Суу райондук милициясы тарабынан дээрлик эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы аял менен анын 12 жаштагы кызы аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБи кабарлады.

Маалыматка ылайык, энеси менен кызы 2-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөндүгү аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош милициясы аталган жарандар изделип жатканы тууралуу маалымат тараткан. Анда 1-сентябрда Кара-Суу шаарынын тургуну кайрылып, 41 жаштагы кызы небереси менен 7-август күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдиргени, буга байланыштуу издөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Последние новости