www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, башкармалыктагы башкы инженер, башкы эсепчи жана подряддык уюмдун жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Тактап айтканда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана “С.” ЖЧКсынын жетекчиси А.К.Б. Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергия менен камсыздоого тийиштүү болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактылары боюнча кармалды. Жогоруда аталган курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 млн 45 миң 900 сом каралган, бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 млн 407 миң 828 сомду түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан бөлүнгөн акчаны өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн «откат» алышкан, анын кесепетинен подряддык уюмдар тарабынан курулуш иштери атайын созулуп, көрсөтүлгөн кызматтар сапатсыз аткарылган жана өз убагында бүткөрүлгөн эмес. Учурда аталган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Последние новости