www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республика - Ата Журт" партиясынын мурдагы лидери, Жогорку Кеңештин муруңку депутаты Өмүрбек Бабанов Москвада ишкерлик менен алектенип жатканы каңкууланды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Андан соң чет өлкөгө дарыланганы кеткени кабарланган. Декабрдын соңунда өзү саясаттан чыкканын жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

Бабанов шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөр Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, кылмыш иши козголуп, чет өлкөгө аттанып кеткен.

Ошентип азыркы президент Бабановго болгон 25 суроосун бергенге үлгүрбөй калды. Дегенибиз менен тээ баягыда Камчыбек Ташиевге кошула калып, кулакка тээп “Республика-Ата-Журт” партиясынын деми менен парламенттик шайлоодо жеңишке жеткени баарыбыздын эсибизде.

Кызыгы, акыркы күндөрү мурда Бабановдун жанында жүрүп, ал кишинин амири менен депутат болуп келген “балапан” депутат Мирлан Маматалиевдин “дүбүртү” башкачараак.

Ошондо Бабановдун “балапандары” ойгоно баштадыбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости