www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев ана кетет, мына кетет деген дүү-дүү кептер чын чыкты. Кадырбаев мэрликтен кетти. Буга удаа эле мэрликке ал келет экен, бул келет экен деген имиштер да күчөп чыкты. Ушул жерден бизге кандай мэр керектигин тактап албайлыбы? Дегеним, ал татыктуу, бул татыктуу деп, соц тармактарда кыйкырып отургандарды көп көрдүм. Кандай мэр керектигин үстүртөн сүрөттөп, жакшы болсун ыймандуу болсун дегенден ары кеталбай турабыз. Аз эмес киши М.Мырзакматовду жакшы дейт, дагы аз эмес киши Кадырбаевди ыймандуу дейт.
Чындыгында Мырзакматовдун эл арасында популярдуулугу азыр да аздыр-көптүр сакталып турат. Жума намаздарын калтырбай окуган Кадырбаевди ыймансыз дегенге эч ким батынбаса керек. Мырзакматов бир бала-бакчаны 36 млнго чейин курчу дешет. Кадырбаев болсо бир садиктин курулушун 24 млн сомго түшүрдүм деп жүрөт.
Бирок, "Арис" деген бейөкмөт уюм Оштон 350 чакырым алыста турган Чоң-Алай районунун төрүнө 120 орундуу, эки кабаттуу бала бакчаны 8 млн сомго куруп салып, оозду ачырды. Ошто Ош ТВ деген компания да 5 млнго эки кабаттуу жаңы имарат куруп жатат. Ошого эки келген имарат курсаң кадимки эле эки кабаттуу, типтүү (120 орундуу) бала бакча түшөрүнө көрдүн да көзү жетет. Демек Ошто 8-9 млн сомго типтүү балабакчаны курса болот да. Бирок азырынча Ош шаарынын тарыхында 8 же 9 млн сомго типтүү бала бакча курулганын эч ким көрө элек. Ушундан улам мен Ош шаарына курулуштан уурдабай турган, мыкты мэр катары элдин эсинде калам, таза барк күтүп, кызматтан көтөрүлөм деген амбициялуу адамдын мэр болуп келишин каалайм.
Ошко Ош базарын сыртка чыгаруудан коркпогон, азыркы базардын ордун бак кылуудан тайсалдабаган, Ак-Бууранын жээги менен Ош аэропорт жолун ачуудан тартынбаган, уурдалган тротуарларды катарынан ачтыра алган, жалпы колдонуудагы жолдон 20 сом доолабаган, Оштун даратканаларын өзү кыдырып текшерүүдөн уялбаган, ишкерден, инвестордон доля сурабаган, жабык, тар көчөлөрдү ачтырууну адат кылган, жумушсуздуктан эли Орусияга тентип кеткенине арданган, эл эптеп жан багып атканда аялына, балдарына кымбат жолтандабас сатып бергенден намыстанган, аялын, аяшын бакчага, мектепке деректир кылуудан карманган, жардамчысын, аяш уулун шарт эле начальник кылып дайындоодон сактанган, ары чарбачыл, ары намыстуу мэрдин келишин каалайм.
Ошко байлык топтоого эмес, кызмат кылууга, урмат табууга келгиле. Оштон байлык эмес, барк таап кеткиле. Ош эли көп мэрди бакты, Бирок жакшылап эл баккан мэрге жетинбей келет. Адатта Ошко мэр келсе мэрдин багы ачылат, дегеле элдин багы ачылбайт. Таза-суу эми токтобой чыгат дегенден бери 3 жыл өттү, жаан жааган сайын шаар боюнча суу токтотмой жоюла элек. Шаар толук жарыктанат дешти эле, калаанын караңгы жери дале көп. Бишкектегидей жыл бою ысык суу алуу шаардыктардын түшүнө да кире элек.
Кышында үйдө майкечен отурууну калаа тургундары элестете да алышпайт. Балдар болсо бала-бакчага кезеке туруп, бакчаны күтүп жүрүп, мектеп жашына жетет. Ошту чоң кыштак десе тарынганыбыз менен, көп эле жерибизге таза-суу жете элек. Калаанын астынан өткөн эски түтүктөр чирип бүткөн. Ал түтүктөр бомбадай болуп, маал-маал ар жерден жарылып турганы кадимки көрүнүш. Суу атылган сайын тамтыгы чыккан жолдор казылган бойдон айлап жамалбай жата берет. Дале болсо мультфильмдей пандус жасап, майыптарыбызды маскаралап бүтө элекпиз. Гилтейген экинчи борбор болуп туруп, ЖРТнын алтын сертификаты боюнча чакан гана Ат-Башы районуна араң теңелебиз. Союз бузулгандан бери саясаты жок бекер концерт көрбөгөн Оштун элинде агрессия дайыма кызыл сызыкта турат. Ушул маданий жагын деле ойлоп койсоңор ашыкча болбойт. Кыскасы кылам деген кишиге Ошто иш көп. Жок дегенде Ошту орустун "военный городогундай" кылбай, имараттарды кызыл, сары түскө боётуп койсоңор да оң иш болот. Ошко изденип иштеген, кытай берген жолтандабаста эле жүрө бербей, ара-чолодо эл аралап жөө басканды сүйгөн мэр келсин.
Ы.Исаков
Булак: NazarNews.kg